Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 23:41

Иран бийлиги аны "репрессивдүу жана акыйкатсыз" деп сындаган диниятчыны камакка алды.

Кармалган Хусеин Ширази – 75 жаштагы Аятолла Садег Ширази аттуу даражасы улук диниятчынын уулу. Ата-бала Ширази Иран диний түзүмүн кескин сындаганы менен белгилүү. Алардын Лондондогу өкүлү Хусеин 6-мартта Ирандын шиялар үчүн ыйык болуп эсептелген Ком шаарында кармалганын кабарлады.

Ширази февралда Ирандагы аймактык башкаруу системасын байыркы Мисрдеги фараондордуку менен окшоштуруп, бийлик өкүмзорлук кылып жатканын айткан. Анын атасы Аятолла Садег Ширазиге атаандаштары "Британиянын жана Сауд Арабиясынын каржылоосу менен иштейт" деп кине коюп жүрүшөт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG