Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:52

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан бир адам каза болду


Кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 378-чакырымында болгон.

Бишкек-Ош автоунаа жолунда жеңил унаа менен жүк ташуучу кагылышты, кырсыктан жабыркаган жана каза болгондор бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын Сары-Булак айыл аймагында, Бишкек-Ош унаа жолунун 378-чакырымында болгон. “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү машине менен менен “Рено” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил машинедеги эки адам 47 жаштагы К.М. жана 11 жаштагы К. М. М. жабыркаган. Аларды ӨКМдин куткаруучулары унаанын ичинен чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Шаардык ооруканага жеткирилгенден кийин 47 жаштагы тургун каза болуп калган. (ErN)

XS
SM
MD
LG