Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 13:43

Түркиянын Измир шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн Кыргызстандын жараны жаракат алганын жергиликтүү "Dogan" маалымат агенттиги жазып чыкты. Кабарда өрттөн төрт киши жаракат алып, анын бирөө кыргызстандык кыз экени жазылат.

Измирдеги Тепежик ооруканасы "Азаттыкка" чет өлкөлүк бейтап азырынча оорукананын реанимация бөлүмүндө жатканын, анын омурткасына операция жасалганын гана билдиришти. Мекеме өрттөн жабыркаган кыз кыргызстандык экенин ырастаган жок.

Өрт 7-мартта Түркиянын Измир шаарындагы беш кабаттуу мейманканада чыккан. Өрт күчөп, имараттын дээрлиги көбү күйүп кеткен. Өрттүн себептерин тийиштүү органдар аныктай элек.

Социалдык түйүндөрдө жергиликтүү жарандардын тарткан видеолорунда бешинчи кабатта терезеде эки кыз тыгылып, көп өтпөй экөө тең жерге кулап түшкөнү көрүнөт.

Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча комментарий бере элек. (ElB\ErN)

XS
SM
MD
LG