Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:44

АКШ генералы: Орусиянын Балкан аймагына кийлигишүүсү күчөдү


Черногориянын НАТОго кошулуусу белгиленген учур. Брюссель, 7-июнь, 2017-жыл.
Черногориянын НАТОго кошулуусу белгиленген учур. Брюссель, 7-июнь, 2017-жыл.

АКШнын Европадагы күчтөрүнүн башкы колбашчысы, генерал Кёртис Скапаротти мындай билдирүүнү 8-мартта Сенаттын комитетинде сүйлөгөн учурунда жасады.

Анын эскертүүсүнө караганда, Балкан чөлкөмүндөгү мамлекеттер Орусиянын кысым -басымына жашыруун да, ачык дагы кабылып жатат.

Андыктан, Вашингтон жана НАТО аймактын дестабилдешүүсүнө жол бербеш үчүн көбүрөөк иш жасоосу керек.

“Бул чөлкөм биз келечекте көйгөйгө кабылышыбыз мүмкүн аймак”,- деди америкалык генерал.

Балкан аймагынын эң кичинекей өлкөсү - Черногория былтыр НАТОнун 29-мүчөсү болгон.

Расмий Подгорицанын бул чечимин Орусия кескин сындап, ага Москва менен карым-катышы бар черногориялыктар да каршы чыккан.

Черногория бийликтери 2016-жылы Орусиянын эки жараны жана бир нече сербиялык да тартылган төңкөрүш аракети Орусиянын атайын кызматы тарабынан башкарылганын жана НАТОго кошулар алдында өлкөнү дестабилдештирүү максатын көздөгөнүн билдиришкен.

Кремль бул ырастоолорду четке каккан.

Орусиянын Балкан чөлкөмүнөн Сербия менен аскерий жана маданий байланышы күчтүү.(UE)

XS
SM
MD
LG