Өзбекстандык 42 жаштагы аял алдамчылыкка шектүү катары Каракол шаарында кармалды. Шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, эмчи-домчулук кызматын сунуш кылган шектүү аял жергиликтүү тургундарды алдап, алтын буюмдарын, чөнтөк телефондорун алып кеткен.
8-мартта 45 жаштагы жергиликтүү тургун милицияга кайрылып, шектүү анын төрт чөнтөк телефонун алдап алып кеткени тууралуу арыз жазган. Шаардык ички иштер башкармалыгы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш ишин козгоп, аны кармаган. Аялдын шакирттери да болушу мүмкүн деп болжолдонууда. (AsM)