Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:49

Ооганстандагы жардыруулардан 20дай киши набыт болду


Ооганстандын Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Кабулдун жардыруу болгон аймагында жүрүшөт. 9-март, 2018-жыл.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда жанкечтинин жардыруусу кеминде жети кишинин өмүрүн алды. Саламаттык сактоо министрлиги жарадарлардын саны ондон ашканын кабарлады.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими өлгөндөрдүн арасында полициянын бир кызматкери бар экенин билдирди. Анын айтымында, окуя 9-мартта шаардын негизинен шииттер отурукташкан аймагында, шиит хазарлардын лидери Абдул Али Мазаринин өлгөн күнүнө арналган иш-чарада болду.

Андан мурда, жумага караган түнү өлкөнүн Тахар провинциясында болгон жардыруудан он полиция кызматкери мүрт кеткен. Жарадарлардын саны ондон ашты. Бул тууралуу жергиликтүү полициянын өкүлү Хали Асейр билдирди.

Текшерүү-өткөрмө бекетинде болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы алды.

XS
SM
MD
LG