Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Ошто өз жанын кыйгысы келген студентке жардам көрсөтүлдү


Китепкананын дубалына жазылган кыздын каты
Китепкананын дубалына жазылган кыздын каты

Ош шаарында китепканага өз жанын кыяры тууралуу кат жазып калтырган кыз аныкталып, ага баштапкы психологиялык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 6-март күнү белгисиз бирөө Ош облустук Токтогул Сатылганов атындагы китепканын ичиндеги дубал жана терезелерге өзүн-өзү өлтүрөрүн жазып калтырган. Анда өзүн Мека деп тааныштырган кыз жашоосуна нааразы экенин айтып, жакын арада суицидге бараарын жазган. Жазуулардын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланары менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бѳлүмүнүн кызматкерлери кызды издөөгө киришкен.

Бир нече күндөн кийин жазууларды калтырган кыз табылып, ал Оштогу жогорку окуу жайдын студенти экени аныкталды. Милиция кызматкерлери адегенде кыздын өзү менен сүйлөшүп, адис менен чогуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан соң ата-энеси чакырылып, ага кызды бир топ убакытка психологго алып баруу сунушталды.

Алгачкы маалыматтарга караганда 22 жаштагы кыздын өз өмүрүн кыюу тууралуу пикирге келүүсүнө анын жеке финансылык көйгөйлөрү себеп болгон.(ErN)

XS
SM
MD
LG