Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Эл артисти Ашыр Чокубаев каза болду


Ашыр Чокубаев
Ашыр Чокубаев

Кыргызстандын Эл артисти Ашыр Чокубаев бүгүн, узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты.

71 жаштагы актер бир топ спектаклдерде жана фильмдерде роль жараткан. Ал “Ак илбирстин тукуму” тасмасында Касендин образы менен көрүүчүлөрдүн эсинде калды.

Чокубаев мындан сырткары Казакстандын “Аманат”, “Китеп”, Көчмөндөр” жана башка ондогон фильмдерине тартылган.

“Азаттык” радиосу Ашыр Чокубаевдин жакындарына көңүл айтуу менен, кайгысын тең бөлүшөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG