Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:46

Бишкекте ишкерликке байланыштуу жаштар форуму башталды


Форум Бишкекте өтүп жатат

Бишкек шаарында “YouthSpeak & Pre-Competition” аттуу масштабдуу жаштар форуму башталды. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Enactus жана AIESEC эл аралык уюмдарынын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнөн кабарлашты.

Бул платформада Кыргызстандын аймактарындагы жаштардын, бейөкмөт уюмдардын жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн 650дөй адам чогулду. Алар бүгүн өлкөдөгү инновациялык көрүнүштөрдү жана реалдуу жагдайларды талкуулап жатышат.

Мындан сырткары ЖОЖдон келген командалар Enactus форматында жарыш өткөрүп, ишкерлик менен жашоону жакшыртуучу бизнес-долбоорлорду сунушташат.

Иш-чара эртең, 12-мартта да уланат. Анда AIESEC уюмунун өкүлдөрү БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаты программасын мектептерде презентация кылат. Ага эки миңден ашуун окуучу катышып, бул программанын алкагында Кыргызстанды өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Форумдун максаты 2030-жылга чейинки өнүгүү пландарына жаштарды тартуу болуп саналат. (ErN)

XS
SM
MD
LG