Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Орусия гипер ылдамдыкка ээ “Кинжал” ракетасын сынады


"МиГ-31" аскер учагы "Кинжал” ракетасын атуу учуру
"МиГ-31" аскер учагы "Кинжал” ракетасын атуу учуру

Орусиянын Коргоо министрлиги “Кинжал” ракетасын "МиГ-31" аскердик учагынын экипаждары атып көргөнүн жана сыноо ийгиликтүү жүргөнүн кабарлады. Министрлик өкүлдөрү жаңы орусиялык курал чексиз аралыкка уча аларын жана ракеталардан коргонуу системаларына кармалбай турганын билдирүүдө.

“Кинжал” ракеталык комплекси суудагы жана кургактагы техникаларды атууга ылайыкташтырылган деп айтылууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин 1-мартта президенттик шайлоону утурлай жасаган жылдык кайрылуусунда Орусия өзөктүк куралдын жаңы тибине ээ болгонун жана чексиз аралыкка уча ала уча турган ракеталарды жасаганын жарыялаган. Орус президенти алардын ичинде "Кинжал" аттуу ракета барын да айткан.

АКШ Путиндин жаңы өзөктүк куралдар, ракеталар тууралуу жарыясын алар "билген" нерсе катары мүнөздөп, Москваны өзөктүк куралдар боюнча келишимди бузду деп айыптаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG