Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышын талкуулады


Сооронбай Жээнбеков жана Дамир Сагынбаев.
Сооронбай Жээнбеков жана Дамир Сагынбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-мартта Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алып, кеңештин 8-февралдагы чечиминин аткарылышы боюнча маалымат алды.

Дамир Сагынбаевдин мамлекет башчыга берген маалыматы боюнча, Коопсуздук кеңешинин 45 иш-чараны камтыган чечими ишке ашырыла баштады. Анын айтымында, катчылыкка жана Башкы прокуратурага 2016-2017-жылдары токтотулган же жабылган кылмыш иштеринин тизмеси берилген жана ал материалдардын баары президенттин кароосуна жиберилген.

Мындан тышкары, Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Салык кызматы менен бирге мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын жетекчилеринин декларацияларын текшерүү механизмин караган токтом долбоорун иштеп чыкканын, бул долбоор өкмөт аппаратына жиберилип, жакын арада кабыл алынат деп күтүлүп жатканын маалымдады. Ошондой эле укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жеке иштери, декларацияланган мүлкүнүн аныктыгы текшерилүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына мамлекет башчынын дарегине түшүп жаткан билдирүүлөргө жана арыздарга өзгөчө көңүл буруп, аларга өз учурунда жооп берүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп мамлекет башчынын жардыгы менен 12-мартта дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG