Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Лондон Скрипалдын иши боюнча Москвага айып тагууга даярданууда


Британ полициясы Лондондогу Орусиянын элчилигинин сыртында, 12.03.2018
Британ полициясы Лондондогу Орусиянын элчилигинин сыртында, 12.03.2018

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги Сергей Скрипаль менен кызын өлтүрүү аракети боюнча Орусияга расмий айып тагышы мүмкүн. Бул тууралуу британ парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Том Тугенхдат билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Лондондун чечими 12-марттагы Улуттук коопсуздук кеңешинде иликтөөнүн акыркы маалыматтары каралган соң белгилүү болот. Тугенхдат Скрипалдын ууландырылышы орус бийлигинин ишарасы менен жасалган “адам өлтүрүү аракети” сыяктанат деп баалады.

The Times басылмасы өкмөттөгү булагына таянып, британ атайын кызматтары Скрипалдын ууландырылышы менен Москванын байланышынын далилдерин көрсөтүүгө даяр экенин жазды.

Москвага каршы киргизчү чараларга орусиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу жана Британияда такай жашап, Кремль менен байланышы бар делген орусиялыктардын визасын жокко чыгаруу камтылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG