Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Бишкек-Ош жолун тазалоо уланууда, жол жабык


13-мартта Чычкан капчыгайына түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 2,5 млн. куб метр. (Сүрөт ӨКМге таандык)
13-мартта Чычкан капчыгайына түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 2,5 млн. куб метр. (Сүрөт ӨКМге таандык)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдышарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Чычкан капчыгайынын Көчкүлүү-Булак тилкесине түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери тынымсыз жүрүп жатат:

- Азырынча жолдун качан ачылары белгисиз. Көчкүнүн эки тарабындагы автоунааларда күтүп турган жүргүнчүлөрдү жергиликтүү бийлик ысык тамак менен камсыздоодо. Ал эми ӨКМ тарабынан атайын жүргүнчүлөр үчүн ичинде меши бар эки чатыр тигилген. Учурда ал жерде медицина кызматкерлери жана милиционерлер бар.

Бекиловдун маалыматы боюнча, кар көчкү түшөрү менен Бишкек-Ош жолу эки тараптан тең толугу менен жабылган. Ош тараптан Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарынан, ал эми Бишкек тарабынан Сосновка бекетинен жол жабык.

13-мартта түнкү саат 22.40 чамасында Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында көлөмү 2,5 миллион куб кар көчкү түштү. Баштапкы маалыматтар боюнча, көчкүдөн жабыркагандар жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG