Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Ооганстанда эки жерде болгон чабуулдан ондой аскер мерт болду


Ооган армиясы Гелманд провинциясында машыгууда, 5.06.2017
Ооган армиясы Гелманд провинциясында машыгууда, 5.06.2017

Ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 10 кызматкери өлкөнүн батышында жана түштүк тарабында болгон кол салуудан курман болгонун расмий өкүлдөр билдиришти.

Шаршембиде согушкерлер Фарах провинциясындагы текшерүү бекетине кол салып, коопсуздук күчтөрүнүн бери дегенде сегиз кызматкерин өлтүрүп, башкаларын жарадар кылышты.

Жергиликтүү бийликтин башчысы Ахмад Бахтавар провинциянын борборунун сыртында “Талибан” кыймылынын 15тей жоочусу жок кылынганын билдирди.

Ким кол салганын дароо эч ким мойнуна алган жок. Бирок өткөн апталарда бул провинцияда талибдер бир нече жолу чабуул коюп, кан төгүштү.

Ал эми Гелманд провинциясында жанкечти текшерүү бекетин жүк ташуучу машине менен сүзүп кирип барып, бери дегенде эки чек арачыны өлтүргөн. Жергиликтүү полиция башчысы Абдул Гафар Сафи провинциянын Над Али районунда үч полиция кызматкери кол салуудан жарадар болгонун билдирди. “Талибан” кыймылы жоопкерчиликти мойнуна алды.

Батыш колдогон Кабул өкмөтү 2014-жылы НАТО күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден бери “Талибан” баштаган куралдуу топтордун мизин кайтаруунун аракетин көрүп келатат.

XS
SM
MD
LG