Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:27

Сулайманов: Сүйүнчү акча "“Бербестин ашы бышпаска” айланды


Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт убада кылган “сүйүнчү акча” берилбей жатканына байланыштуу маселе бүгүн Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү. Депутат Алтынбек Сулайманов ал акчаны алыш үчүн ата-энелерден бир топ документ талап кылынып жатканын сындап, Социалдык өнүгүү министрлиги “сүйүнчү акчаны” бала туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн гана негизинде дароо бере тургандай кылышы керек болчу деди:

- Сиз банктан “эсеп ачыш керек” деп айтып жатасыз. Ат-Башыдагылар же Чоң-Алайдагылар каяка барып ачат? Анда ошого жараша шарт түзүп бергиле район-айылдарга банк ачып. “Бербестин ашы бышпас” болуп элди алдабагыла.

Буга чейин өкмөт “сүйүнчү акча” февраль айынын ортосунан тартып колго тие баштарын айткан. Ата-эне документ чогултуп убара болбошу үчүн бала төрөлгөндө күбөлүк берилип жатканда эле тиешелүү маалыматтар электрондук түрдө социалдык өнүгүү органдарына, андан кийин банк кызматтарына өткөрүлүп берилери убада кылынган. Ар бир балага кеминде 4 миң, шарты каттал аймактарда 7 миң сомдон тиери айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты, сүйүнчү акча тууралуу мыйзам долбоорунун автору Аида Касымалиева бул акчаны берүү башталбай жатып коррупцияга байланып калганын айтып, жарандар 500 сомго чейин пара акча берип жатышканын билдирген.(RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG