Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Бишкекте бөйрөк саламаттыгынын күнү белгиленүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

8-март - Бөйрөк саламаттыгы боюнча эл аралык күнгө карата 15-мартта Бишкекте “Бөйрөк оорулары жана кант диабети” аттуу илимий-практикалык конференция башталды.

Ага нефрологдор, үй-бүлөлүк дарыгерлер, медицина кызматкерлери катышууда. Кыргызстанда азыркы тапта күчөп жаткан бөйрөктүн өнөкөт ооруларын алдын алууда кайдыгерлик менен жалкоолук тоскоол болуп жатканын өлкөнүн башкы нефрологу, профессор Рысбек Калиев белгиледи.

Азыркы тапта өлкөдө бөйрөк оорусу күчөп, жасалма бөйрөк жабдуусуна кезекте тургандардын саны миңге чукулдады. Аларга трансплантация жасоо Кыргызстанда ишке ашпай, чет өлкөгө барууга мажбур болуп жатышат.

2018-жылы гемодиализ кызматы мамлекеттик-менчик формага өтүп, өлкөдө 3 жаңы диализ борбору курулмай болду.

Дүйнөдө 195 миллион адам бөйрөктүн өнөкөт оорусуна чалдыккан. Жылына 600 миң адам андан көз жумууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG