Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Ар бир туристтен 20 доллар салык алуу сунушталды


Тоо туризми Кыргызстанда жакшы өнүккөн тармактардын бири.
Тоо туризми Кыргызстанда жакшы өнүккөн тармактардын бири.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Кыргызстанга каттаган чет өлкөлүк туристтердин ар биринен 20 доллардан туристтик салык алууну өкмөткө сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтып, мындай акча туристтер үчүн анча көп эмес экенин, бирок бюджеттин кирешесин толуктоого жакшы өбөлгө болорун белгиледи:

- 20 доллардан алым киргизип койсок. Ары-бери чуркап, акча алмаштырып жүрбөстөн Дубайдагыдай аэропорттон эле төлөй тургандай кылып. Менин сунушумду эске алып, туристтердин санын тактап, киргизип көрсөк. Бүгүнкү күндө социалдык объекттер, жол, оорукана, мектеп маселеси боюнча бул чоң жардам болот эле. Келечекте четтен келген туристтерге карата “бир аз акчаны төлөйсүн, бирок ошонун ичине максимум комфорт кирет” деген мамиле таркашы керек.

Өз кезегинде жыйынга катышып жаткан каржы министри Адылбек Касымалиев бул сунушту изилдеп көрүү керектигин билдирди.

Расмий маалыматка караганда, 2016-жылы Кыргызстанга 3,8 миллион чет элик турист келип кеткен. (YRu)

XS
SM
MD
LG