Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Баткенде мандарин аткезчилигинин бети ачылды


Баткенде кармалган мандарин.
Баткенде кармалган мандарин.

“Баткен” бажысынын аткезчиликке каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамсыз ташылып келген эки тоннадан ашык мандарин кармашты.

Бажы кызматы кабарлагандай, Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагына товар жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын аныктоо боюнча ыкчам иш-чара жүргүзүлдү.

Анын натыйжасында Баткендин Чоң-Талаа айылына бажыга тийиштүү документтери жок ташылып келе жаткан, Пакистанда өндүрүлгөн, ​жалпы салмагы 2021 кг түзгөн мандарин табылды. Кармалган товардын жалпы баасы 111 155 сомду түзөт.

Мамлекетке келтирилген зыян 20 миң сомго бааланды. (RK)

XS
SM
MD
LG