Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:49

Ошто Шенген визасын ачтыруу жеңилдейт


Кыргыз паспорту.

Мындан ары Германияга жана Шенген аймагына виза ачтырыш үчүн Кыргызстандын түштүк облустарынын тургундары Бишкекке келип отурбастан, Оштон түз кайрыла алат. Бул тууралуу немис элчилиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 25-апрелде Бишкекте жана 7-майда Ошто "Visametric" фирмасынын виза борборлору ачылат. Ал жарандарга виза алуу боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтөт.

Арызды карап чыгууга Бишкекте беш, ал эми Ошто жети жумуш күнү талап кылынат.

Шенген зонасына Европадагы 26 мамлекет кирет. Анын бирине ачылган виза калган мамлекеттерде да жарактуу. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG