Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Орусия: Собчак оппозициячыл саясатчы менен партия түздү


Президенттикке талапкер Ксения Собчак жана оппозициячыл саясатчы Дмитрий Гудков (солдо). Москва, 15-март 2018-жыл.
Президенттикке талапкер Ксения Собчак жана оппозициячыл саясатчы Дмитрий Гудков (солдо). Москва, 15-март 2018-жыл.

Орусияда президенттикке талапкер, тележурналист Ксения Собчак жана Мамлекеттик Думанын мудагы депутаты, оппозициячыл саясатчы Дмитрий Гудков партия түзүштү. Бул тууралуу бейшембиде Собчак Москвадагы тарапташтары менен жолугушуп жатканда айтылды.

Жаңы кыймыл «Жарандык демилге» партиясынын базасында түзүлүп, азырынча «Өзгөрүүлөр партиясы» деп аталды. Негиздөөчүлөрдүн айтымында, Собчактын талапкерлигин президенттикке көрсөткөн «Жарандык демилге» кыймылы толугу менен өзгөрөт.

«Биз конструктивдүү оппозиция болбойбуз, биз Путинге каршы партия болобуз”, - деди Гудков. Ал Москва менен Санкт-Петербургдагы алдыда өтө турган жергиликтүү шайлоого жигердүү катышууну көздөп жатышканын кошумчалады.

2017-жылы Москвада өткөн шайлоодо Гудков “Бириккен демократтар” деген коалиция түзүп, анын мүчөлөрү жергиликтүү кеңешке өтө алышкан. Орусияда президенттик шайлоо ушул жекшембиде өтөт. Анда президент Владимир Путин жеңип чыгат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG