Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Улуу Британиянын кадамына жооп катары британ дипломаттарын өлкөдөн чыгараарын билдирди. Ал бул сөзүн 16-мартта Казакстандын борбору Астанада журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты.
Британ өкмөтү мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууландырылышы боюнча Орусияны айыптап, 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарууну чечкен.
Министр Сергей Лавров канча британ дипломатына, качан чара көрүлөөрүн так айткан жок. Кремлдин басма сөз катчысы Сергей Лавров Орусиянын жооп чарасы "каалаган учурда" ишке ашырылышы мүмкүн экенин билдирди.
Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, азыркы британ жараны Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында ууландыруунун белгилери менен ооруканага жеткирилип, дагы эле оор абалда жатышат.