Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Британияда орус ишкеринин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Николай Глушков Москванын сотунда (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Николай Глушков Москванын сотунда (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Британ полициясы орусиялык ишкер Николай Глушковдун өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Маркум олигарх Борис Березовскийдин мурдагы бизнес өнөктөшү 68 жаштагы Глушков муунтуп өлтүрүлгөнүн экспертиза аныктады.

Анын сөөгүн кызы Наталья Глушкова 12-марттын кечинде Кингстон районундагы үйүнө келип көргөн. Полиция алгач Глушковдун «белгисиз жагдайда көз жумганын» билдирген.

Британ бийлиги Глушковдун өлүмү менен Англиянын Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын ууландырылышынын ортосунда байланыш бар деп айтууга негиз жоктугун кабарлаган.

Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, азыркы британ жараны Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында ууландыруунун белгилери менен ооруканага жеткирилип, дагы эле оор абалда жатышат.

Глушков Британияга Орусиядан 2004-жылы качып барган. Ал өз мекенинде «Аэрофлот» компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп турганда "акча уурдап, көз боёмочулукка барган" деп айыпталып, үч жыл үч айга кесилген. Түрмөдөн чыккандан кийин Березовскийдин жардамы менен Британияга качып барып, 2010-жылы саясий башпаанек алган.

2017-жылы анын иши Москвада кайра каралып, Глушков "122 миллион доллар уурдаган" деп айыпталган. Ал сыртынан сегиз жылга кесилген. Глушков британ баш калаасында эч ким менен байланышпай, тынч жашап жүргөн.

XS
SM
MD
LG