Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

Ботаникалык бакты өнүктүрүүгө 60 миллион сом бөлүнөт


Ботаникалык бак, 27-июль, 2016-жыл.
Ботаникалык бак, 27-июль, 2016-жыл.

Бишкектеги Ботаникалык бакты өнүктүрүү үчүн бюджеттен 60 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бейшеналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул каражат бакчадагы өсүмдүктөрдү, дарактарды дарылоо, ирригациялык системаны оңдоо жана башка иретке келтирүү иштерине жумшалат.

Ошондой эле Бейшеналиев өкмөт бул бакчаны Илимдер академиясынын карамагында калтырып, аны өнүктүрүүгө көзөмөлдү күчөтөөрүн кошумчалады.

Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан Ботаникалык бак тарых, маданият жана архитектуралык эстеликтердин тизмесине кирип, мамлекеттик коргоого алынган.

1938-жылы түптөлгөн бул бакта бак-дарак, бадал, гүл, дары чөптөрдүн 5,5 миңден ашык түрү бар.

Акыркы жылдары бакчанын абалына карата көп сын айтылып, коомдук уюмдардын карамагына өткөрүү демилгелери көтөрүлүп келатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG