Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:49

Орусиядагы шайлоо: Кыргызстанда 13 миңден ашуун адам добуш берди


Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында президенттик шайлоого добуш берүүгө келгендер. 18-март, 2018-жыл

Орусиядагы президенттик шайлоого Кыргызстанда жашаган 13 миңден ашуун орус жараны добуш берди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат катчысы Дарья Пахомова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, алты миңден ашууну адам Бишкекте добуш берген.

Элчиликтин маалыматына караганда, добуш берүү участкалары Кыргызстандын убактысы боюнча саат 8:00дө ачылып, 20:00дө жабылды.

Кыргызстанда алты жерде - Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында добушканалар уюштурулган. Шайлоочулардын активдүүлүгү Бишкекте жана Ошто байкалды.

Буга чейин добуш берүүдө мыйзам бузуулар катталбаганын Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Акылбек Эшимов "Азаттыкка" кабарлаган.

Орусиядагы президенттик шайлоого Кыргызстандан 56 байкоочу көз салууда. Алардын он үчү Кыргызстандагы добушканаларда иштеди.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде орус жарандыгы бар 20 миң адам каттоодо​ турат.

Бул жолу Орусиядагы президенттик шайлоого сегиз адам талапкерлигин койгон. Талапкерлер арасында төртүнчү президенттик мөөнөткө бараткан Владимир Путин, Коммунисттик партиядан Павел Грудинин, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, либерал саясатчы катары таанылган Григорий Явлинский, теле алып баруучу Ксения Собчак, ишкер Борис Титов, мурдагы депутат Сергей Бабурин жана Максим Сурайкин бар. Анда президент Владимир Путин 70 пайыздык көрсөткүч менен жеңип чыгат деп күтүлүүдө. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG