Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:51

Бишкек мэриясы Ноорузга 1 миллион сомдон ашуун акча коротот


2017-жылдагы Нооруз майрамы учурунда тартылган сүрөт. Бишкек.

Бишкек шаардык мэриясы Нооруз майрамын өткөрүүгө 1 миллион 100 миң сомдой акча коротот. Бул тууралуу шаардык бийликтин маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Урмат Белекбаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, акча Ала-Тоо аянтын жана негизги көчөлөрдү жасалгалоого, көрнөк-жарнактарды илүүгө жана шөкөттөө иштерин аткарган жумушчуларга берилет.

21-мартта күндүз Ала-Тоо аянтында театрлаштырылган концерт болот. Андан тышкары, конуштарда да майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, улуттук оюндар көрсөтүлөт.

Мэрия быйыл Жаңы жыл майрамына карата Бишкек шаарын жасалгалаш үчүн 15 миллион сомдой каражат сарптаган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG