Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 11:29

Бишкектеги унаа жууган жерлердин бириндеги курал колдонуу фактысы иликтенип жатат. Шаар милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 18-мартта машинесин жуудурганы келген айдоочу менен унаа жууган жердин администратору урушуп кеткен. Айдоочу травматикалык тапанча менен администраторду атып жиберген.

- Жабырлануучунун абалы канааттандырарлык, окуянын жоо-жайы иликтенүүдө, - деп билдирди ИИБнин басма сөз катчысы Адыл Оморов.

Акыркы маалыматтар боюнча бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG