Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

Таалайбек Айдаров: Мискенбаевдин талабы тар мүдөөнү көздөйт


Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

Апрель баатыры, ынкылапты коргоо кыймылынын төрагасы Таалайбек Айдаров Бишкекте “Медиа-форум” кеңсесинин астында 17-марттагы Аксы окуясын эскерүү учурунда КСДП партиясынын мүчөсү, “Айкөл-Ала-Тоо” коомунун төрагасы Мээрбек Мискенбаевдин президентке койгон талаптарын орунсуз деп атады.

- Жалпы апрель баатырларынын атынан президенттен бакиевчилерди жазага тартууну сурап, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербөөнү талап кылуу осол иш - деди Таалайбек Айдаров.

Муну мурдагы бийликтин коррупцияга каршы чараларды күчөтүүнү талап кылган президентке басым көрсөтүү аракети катары караган Таалайбек Айдаров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын чөйрөсү коомчулуктун көңүлүн ири коррупциялык чатактардан башкага бурууну көздөп жатканын билдирди. Ошондой эле ал бул билдирүүнү ошол жактын мурдагы режимди сактап калууну көздөгөн саясий буюртмасы катары мүнөздөдү. “Айкөл-Ала-Тоо” кыймылы тар кызыкчылыктагы бир гана саясий топтун камчысын чаап келгенин айткан Таалайбек Айдаров президенттин инисинин депутаттык мандатын үй-бүлөлүк башкарууга байлоого негиз жок экенин белгиледи. Асылбек Жээнбеков агасы менен бирге Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы күрөшкөнүн мисал келтирген апрель баатыры агасы президент болгондо парламент төрагалыгын өткөрүп берип, катардагы депутатыкка кеткенин айтты.

Мээрбек Мискенбаев "КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков агасы президент болгонуна байланыштуу мандатын тапшырышы керек" деген талап койгон. (KJ)

XS
SM
MD
LG