Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Евробиримдик Лондондун Москваны айыптаганын колдоду


Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Брюсселдеги жыйындын алдында. 19-март, 2018-жыл.
Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Брюсселдеги жыйындын алдында. 19-март, 2018-жыл.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери орусиялык мурдагы тыңчынын Британияда ууландырылышын айыптап, Лондондун "бул кол салуунун артында Москва турат" деген баасына “өтө олуттуу” маани берээрин белгилешти.

Бул тууралуу бүгүн алардын Брюсселдеги жыйынында кабыл алынган билдирүүсүндө айтылат.

Документте “Евробиримдик Улуу Британияга толук тилектештигин көргөзөт, бул кылмыш үчүн күнөлүүлөрдү жоопко тартуу аракеттерин колдойт”,- деп да көргөзүлгөн.

Орусиянын мурдагы аскердик чалгын офицери Сергей Скрипал кызы Юлия экөө Британиянын Солсберг шаарында 4-мартта ууландырылган. Алардын абалы азыр да оор.

Расмий Лондон Скрипалдарды ууландырууда нервди шал кылган, “Новичок” деген уу зат колдонулган деген бүтүмгө келди.

Британиянын тышкы иштер министри Борин Жонсон Брюсселдеги бүгүнкү жыйындын алдында Орусиянын "мурдагы чалгынчынын ууландырылышына тиешебиз жок" деген билдирүүлөрүн “абсурд” деп атады.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков болсо 19-мартта британ тарап бул үчүн талаптагыдай далил берип же кечирим сурашы кере экенин айтып чыкты.

Мурдагы чалгынчынын ууландырылышынан улам Британия Орусиянын 23 дипломатына өлкөдөн чыгып кетүүгө көрсөтмө берсе, Москва да ушундай эле жооп кайтарды. (UE)

XS
SM
MD
LG