Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:39

НАТО Орусияны “тоготпостугун” көргөзүп жатканы үчүн айыптады


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг (оңдо) жана Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Брюсселдеги басма сөз жыйынында. 19-март, 2018-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг (оңдо) жана Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Брюсселдеги басма сөз жыйынында. 19-март, 2018-жыл.

Түндүк Атлантикалык Альянстын баш катчысы Йенс Столтенбергдин 19-мартта айткандарына караганда, Орусия өзүнүн “Новичок” программасынын чоо-жайын ачыкка чыгарбай, эл аралык коопсуздукту жана тынчтыкты “көз-көрүнөө эле тоготпогондугун” далилдеп жатат.

НАТОнун баш катчысы Орусиянын “Новичок” программасы дегенде Британиянын Солсбери шаарында мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызы ууландырылганда колдонулган химиялык затты эске алууда.

Анын айтымында, Орусия бул программасынын чоо-жайын Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмга ачып бериши керек.

Столтенберг ошондой эле НАТОнун мүчөлөрү бул кол салууну айыптоого келгенде биримдикте экенин, аны иликтөөдө Британияны колдой турганын кошумчалады.

Британия мурдагы орусиялык чалгынчы Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия быйыл 4-мартта ууландырылганда нервди шал кылуучу “Новичок” уу заты колдонулган деген бүтүмгө келди.

Премьер-министр Тереза Мэй президент Владимир Путиндин сөздөрүн 19-мартта да четке кагып, бул кол салуу үчүн жалгыз күнөөлүү тарап “Орусия мамлекети” деп ырастады.

Ал бул тууралуу "Sky News" телеканалына айтты.

Ага чейин 18-мартта, шайлоодогу жеңиши билингенден кийинки сөзүндө президент Владимир Путин аларда “Новичок” сындуу уу зат жоктугун билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG