Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:17

Президенттикке ат салышып өтпөй калган Ксения Собчак шайлоодо утуп чыккан мамлекет башчы Владимир Путинге өзү саясий туткун деп эсептеген 16 кишинин аты жазылган тизмени тапшырды.

Бул тууралуу анын ишинимдүү өкүлү Марина Литвинович билдиргенин “Медуза” басылмасы кабарлады. Собчак тапшырган тизмеде “26-март ишине” байланыштуу камалгандар Дмитрий Борисов, Станислав Зимовец, Алексей Политиков, Александр Шпаков, оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын "Ив Роше" иши үчүн камалган бир тууганы Олег Навальный, терроризмге айыпталып кармалган украин активисттери Олег Сенцов жана Александр Кольченко, журналист Александр Соколов, Валерий Парфенов жана башкалар бар. Литвиновичтин айтымында, Путин бул тизмени карап чыгууга убада берген.

18-марттагы президенттик шайлоодо азыркы президент Владмир Путин 76,7% добуш менен утуп чыккан.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматына караганда, Путинден кийинки орунда 12,05% менен Коммунисттик партиядан Павел Грудинин турат. Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновскийге шайлоочулардын 5,85%, тележурналист Ксения Собчакка 1,59 пайызы добуш берген. Калган төрт талапкер бир пайызга жетпеген добуш топтогон. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG