Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:46

АКШнын жогорку аскердик жетекчилери Ооганстанга барышты


Америкалык генерал, Штаб башчыларынын бириккен комитетинин башчысы Жозеф Данфорд. Вашингтон. 26-сентябрь, 2017-жыл.

Америкалык генерал, Штаб башчыларынын бириккен комитетинин башчысы Жозеф Данфорд Ооганстандагы аскердик өнөктүккө баа бериш үчүн 19-мартта Кабулга барды. Ал кандайдыр бир жылыш жасаш үчүн АКШ башында турган коалициянын жакынкы айларга карата максаттарын аныкташ керек экенин билдирди. Данфорд башында турган делегациянын курамында чалгындоо, логистика жана стратегия түзүү багытындагы бир катар адистер бар.

Өткөн аптада АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Кабулга барып кеткен. Мэттис аскердик операциялардын жыйынтыгын көрүп, “Талибанды” ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүсүнө тартуунун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыкканы маалымдалган.

Вашингтон 2007-жылы жарыялаган жаңы стратегиясына ылайык, согушкерлерди алсыратып, сүйлөшүүгө мажбур кылыш үчүн ооган коопсуздук күчтөрүнө берип жаткан жардамын күчөткөн.

Бирок "Талибан" Кабул менен түз сүйлөшүүгө каршы. Анын башчылары тынчтык сүйлөшүүсүн өздөрү адатта “чет өлкөлүк баскынчы күчтөр” деп атаган АКШ менен гана жүргүзүшөрүн билдиришкен.

28-февралда ооган президенти талибдерге саясий партия түзүүгө уруксат берерин айтып, эгер талибдер тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көнө турган болсо, аларга салынган санкцияларды алуу боюнча иш жүргүзүүгө да убада берген. Ашраф Гани бул үчүн "Талибан" эч кандай шарт койбошу керек экенин да белгилеген.

XS
SM
MD
LG