Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Исаковдун сын ээрчиткен сапары


Сапар Исаков Ошто. 17-март, 2018-жыл.
Сапар Исаков Ошто. 17-март, 2018-жыл.

Өкмөт башчы Сапар Исаковдун Ага Хан фондуна тиешелүү тик учак менен Ошко барышы коомчулукта талкуу жаратты.

Өкмөттүк аппараттын маалымат бөлүмү Оштогу кызмат сапарында премьер-министр Сапар Исаков Ага Хан фондунун тик учагы менен жүргөнүн ырастады.

Бирок ал чет өлкөлүк уюмдун тик учагы өкмөттүк иш-чаралар үчүн кандай шартта берилгенин ачык айткан жок. Ал эми Ага Хандын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул тууралуу кийинчерээк маалымат берерин билдирди.

Өкмөт башчынын эл аралык уюмдун тик учагы менен сапарга чыгышы социалдык түйүндөрдө талкууга жем таштады. Айрымдары "тик учакты ижарага алган" деп божомолдоп, анын чыгымын сындаса, кээ бири "эл аралык уюмдардын кызматынан пайдалануу кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу эрежеге каршы келет" деп айыпташууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов бул сынды туура деп эсептейт. Иманкулов өкмөткө тиешеси жок тик учак менен жүрүү жогорку кызмат адамдарынын коопсуздугуна да коркунучтуу экенин эске салды.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- “Бекер сыр капканда гана болот” деп коет. Ар бир нерсенин баасы бар. Алар учагын жөн эле берип койбойт да. Жөн эле рейс менен барса эмне болот? Тик учактын бир жагына эле барышы 200 миң сомдой болушу керек. Аны жөн эле бере бербейт.

Ал эми экономист Искендер Шаршеевдин пикиринде, айрым өлкөлөрдө ачык-айкын келишим түзүү менен өкмөт эл аралык уюмдардын кызматынан пайдалана берет. Кыргызстан сыяктуу казынасы чакан мамлекеттерде өкмөттүн иш сапары үчүн атайын тик учактарды кармоого караганда, менчик же ар кандай кандай уюмдардыкын келишим менен пайдалануу натыйжалуу.

- Бул жерде так караш керек. Бир жактуу карай берген болбойт. Анткени эл аралык тажрыйбада болуп жүргөн көрүнүш. Кээде ар кандай келишимдер менен мындай тик учактар колдонула берет.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев болсо бийлик башындагылардын эл аралык уюмдардын тик учагы менен иш сапарларына чыгып жатканына таң калбайт.

Анын пикиринде, эгемендүүлүк алган жылдардан тартып мамлекет эл аралык уюмдардан бардык тармакка кайтарымсыз каражат, ар кандай техника алып келатканын эске алганда, бул кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып калган.

- Иш сапарында пайдаланылган бир көмөк, чоң жардамдардын ичиндеги кичинекей үлүш. Андан чоң көмөктөрдү мамлекет катары алып эле келатабыз. Демек ошолордун бири деп кабылдасак болот. Эми жардам албай жүрсөк бир жөн.

Бирок Үмөталиев "коомчулукта ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратпаш үчүн тик учакты пайдалануунун шарттары ачык айтылышы керек болчу" деп кошумчалады.

Кыргызстанда өкмөттүк иш сапар үчүн атайын тик учак каралган эмес. Айрым чукул кырдаалдарда аскердик учактар колдонулуп жүрөт. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги тик учак оңдоого муктаж.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев келечекте кыргыз өкмөтү өзүнүн тик учагын сатып алышы керек деген пикирде.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Эми ижарасы төлөнсө-төлөнбөсө да кеп боло турган окуя. "Эмнеге анын тик учагында жүрөт?" дегенден башка этикалык жагы да бар. "Байкуш, эч нерсеси жок мамлекет фонддун учагы менен жүрөт" деген кеп болот. Протокол боюнча деле туура эмес. Өзү эл аралык мамилелер боюнча адис жигит. Эми тик учак жок болсо Өзгөчө кырдаалдар министрлигине лизинг менен болсо да бирди алып бериш керек. Азыр "өнөктөшпүз" деген Орусиядан деле алса болот.

Ага Хан фондуна тиешелүү тик учакты буга чейинки жогорку кызмат адамдары да өлкө ичиндеги жумуш сапарларында пайдаланып жүрүшкөн.

Бул уюмдун ак түстөгү тик учагы чакан жана ыңгайлуу экенин айткандар бар. Азырынча тик учактын үлгүсү жана аны техникалык камсыздоосуна сарпталган каражат туурасында маалымат жок.

Ага Хан фонду Нарында 200 гектардан ашык аянтка жогорку окуу жай салган. Ошондой эле өлкөдө ар кандай социалдык жана коммерциялык долбоорлорду ишке ашырып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG