Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

Футбол боюнча Азия кубогу: Кыргызстан менен Мьянма бүгүн Кореяда ойнойт


Кыргызстан менен Мьянманын 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарындагы беттеши бүгүн, 22-мартта Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы кабарлады. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө, Түштүк Кореянын убакыты боюнча саат 15:00дө башталат. Федерациянын расмий сайтында Түштүк Кореядагы кыргызстандык мекендештерди оюнду көрүүгө чакырган билдирүү жазылып, билеттер бекер берилери маалымдалды. Беттешке 23 футболчудан турган Кыргызстандын командасы машыгууларды өткөрүп, даярдык көрүшкөн.

Команданын коргоочусу Виктор Майер өзүнүн клубунда ойноп жүрүп тизесинен оор жараат алып, команданын катарында машыгууга кошула албай калган.

Азиянын футбол конфедерациясы эки өлкөнүн командаларынын мурда болбой калган беттешин "Инчхон" стадионунда өткөрүү тууралуу чечим чыгарган. Тиешелүү чечимди ырастаган кат 12-февралда федерацияга келге. Конфедерациянын дисциплинардык комитетинин чечимине ылайык, стадиондун ижара акысын, оюнду уюштуруу иштерин, эки команданын жол киресин жана жатаканасын Кыргызстандын футбол федерациясы көтөрөт. Оюн өтө турган стадионго 20890 көрүүчү батат.

Кыргызстан менен Мьянманын командалары 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкекте беттешмек. Оюн коопсуздук маселесинен улам өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечими менен токтотулган. Буга Мьянмадагы диний жаңжал себеп болгон.

Мьянма командасы менен болгон оюндан кийин кыргыз футболчулары 27-мартта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо АФК кубогуна тандоо оюндарындагы акыркы беттешин өткөрөт.

2019-жылдагы АФК кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан А тобунда Индиянын, Мьянманын жана Макаонун командалары менен ойноп жатат. Беттештер ушул жылдын 27-мартында аяктайт. Учурда Кыргызстан өз тайпасында жети упай менен экинчи катарда. 12 упай менен Индия курама командасы көч башында келатат. Мьянмалыктарда беш упай бар. Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар финалга жолдомо алат. 2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Катарда өтөт. (ECh)

XS
SM
MD
LG