Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 04:29

Таласта Нооруз күнү 32 жаштагы улакчы каза тапты


Көкбөрү.

Таласта Нооруз майрамына карата уюштурулган көкбөрү оюнунда бир улакчы каза тапты.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна иш-чара өткөн Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Адилет Жолдошов билдирди.

Талас районунда 21-март күнү болуп өткөн улак тартышта Үч-Эмчек айылынын 32 жаштагы тургуну атты туура эмес буруп алган деп айтылууда. Натыйжада ал эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумган.

Артында кош бойлуу келинчеги калды. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG