Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:01

Техас полициясы жардыруулар боюнча шектүүнүн тек-жайын атады


Остиндин полиция башчысы Брайн Манлей маалымат берүүдө, 20.03.2018

Техастын полициясы март айында дембе-дем бомба жардырууга байланыштуу шек саналган кишинин атын атады. 23 жаштагы Марк Энтони Кондитт Остин шаарына жакын жерде жашачу экен. Атайын кызматтар анын телефонунан өз кылганын моюнга алганы жазылган 25 мүнөттүк видео жазманы табышканын маалымдашты.

Остин полициясынын башчысы видеодо ал даярдаган алты бомбасы, алардын бири-биринен айырмасы тууралуу айтканын, видеодо терроризм же расалык жек көрүү тууралуу сөз да кылбаганын билдирди. Кондитти кылмышка түрткөн себептер белгисиз. Атайын кызмат ошондой эле Кондиттин үйүнөн дагы бир нече жарылгыч зат, алардын бөлүктөрү табылганын кошумчалады.

2-марттан бери АКШнын Техас штатынын борбору Остин шаарында жөнөтмөнүн ичине салынган төрт бомба жарылып, андан эки киши өлүп, төртөө жарадар болгон эле.

Ал эми бешинчи бомба 20-мартта ушул эле штаттын Сан-Антонио шаарчасында, "FedEx" компаниясынын каттарды жана жөнөтмөлөрдү бөлүштүрүүчү борборунда жарылган.

Шаршембиде полиция изине түшүп, кармай турган болгондо шектүү өзүн-өзү жардырып жиберген.

XS
SM
MD
LG