Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:30

Британия европалык лидерлерди орус тыңчыларын чыгарууга үндөйт


Британ премьер-министри Тереза Мэй Слосбери шаарында. 15-март, 2018-жыл.

Британ өкмөт башчысы Европа мамлекеттеринин лидерлерин өз аймагынан орусиялык тыңчыларды чыгарып, “Европадагы Кремлдин желесин жоготууга” чакырууга ниеттенүүдө. “Гардиан” гезити билдиргендей, бейшембиде Брюсселде британ премьер-министри Тереза Мэй Батыш өлкөлөрүнө кайрылып, “Владимир Путин тараптан болчу узак мөөнөттүү коркунучтарга” көңүл бурдурат.

Мэй Европа өлкөлөрүнүн лидерлерин мурунку орус тыңчысы Скрипал менен анын кызы ууландырылган нервди шал кылчу заттын колдонулушуна жигердүү түрдө каршы турууга үндөйт.

Британ премьер-министри Скрипалдын окуясы тууралуу Европа кеңешинин саммитинде маалымат берет. Медиа каражаттары британ аткаминерлерине шилтеме берип жазганына караганда, Мэйдин мындай чакырыгына Европа Биримдигиндеги "Орусияга жан тарткан өлкөлөр каршы болушу мүмкүн".

Орусиянын Башкы чалгын кызматынын мурдагы полковниги, азыркы британ жараны Сергей Скрипал кызы Юлия экөө 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында ууландырылып, ооруканага жеткирилген.

Британ бийлиги бул окуяга Москваны күнөөлөп жатат. Ушундан кийин Орусиянын 23 дипломаты үй-бүлөсү менен 20-мартта Лондондон чыгарылган. Ага удаа Орусия да британ бийлигине 23 британ дипломатын чыгаруу талабын койгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG