Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:55

Назарбаев менен Мирзиёев Самаркандда Ноорузду майрамдашты


Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Самаркандда. 21-март, 2017-жыл.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Нооруз майрамын байыркы Самарканд шаарында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен чогуу белгиледи.

Өзбекстандын президентинин сайты Назарбаев “бир тууган өзбек элин Нооруз майрамы менен куттуктаганы келгенин” билдирип, видеосун жарыялады.

Коңшу өлкөнүн президенттери бир жума мурда эле Астанадагы Борбор Азия лидерлеринин саммитинде жолугушкан. Назарбаевдин Өзбекстандагы сапары тууралуу алдын-ала маалымат таратылган эмес. Кийинчерээк гана Акорда мамлекет башчы жумушчу сапарында буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашырууну талкуулаганын билдирди.

"Кудай бизди колдосун. Казакстан менен Өзбекстандын тарыхы, тили, дини бир. Биздин байыркы бабалардан калган мурасты сакташыбыз керек. Азыркыдай кыйын заманда бири-бирибизге жардам берип, көп нерсени үйрөнүшүбүз керек”, - деди Назарбаев.

Мурдагы президент Ислам Каримов башкарган 27 жылда Өзбекстан бардык коңшулары менен чек ара, суу ресурастары жана башка бир топ талаштуу маселелер боюнча тирешип келген.

Назарбаев 2018-жылды "Казакстандагы Өзбекстандын жылы" деп жарыялаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG