Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:09

Түрк ырчысы Эрдоганды шылдыңдоого айыпталып соттолду


Түрк ырчысы жана актриса Зухал Олчай 2016-жылда жазылган ыры үчүн президент Режеп Тайип Эрдоганды шылдыңдоого айыпталып 10 айга абакка кесилди.

Бул тууралуу «Хюрриет» басылмасы жазды. Олчай өзүнүн ырындагы сөздөрдү өзгөртүп алган. Анын жаңы версиясында:

«Режеп Тайип Эрдоган, булардын бардыгы боштук, мунун баары калп, жашоо бир күнү бүтөт жана сиз «Менин кыялым бар эле» деп айтасыз» деген саптар бар.

Ырчы көрсөтмө берген учурда күнөөнү мойнуна алган эмес, ал Эрдогандын аты ырдын ыргагына туура келгендиктен гана колдонгонун айткан. Ал эми колун Эрдоганга эмес элге жаңсаганын айткан.

Анадолу агенттиги Олчайга 2700 доллардан ашуун айып тагылганын жазды.

Эрдогандын адвокаттары соңку он жыл ичинде 1800дөн ашуун адамды сотко берген. Алардын ичинде тамаша сүрөт тарткандар, Түркиянын мурдагы сулуусу, окуучулар бар. "Нью-Йорк Никс" командасындагы түрк баскетболчусу Энес Кантер дагы Эрдоганды шылдыңдаган деп сыртынан соттолгон.

XS
SM
MD
LG