Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:58

АКШда окуучулар курал-жарак сатууну катуу көзөмөлдөөнү талап кылды


Вашингтондогу акциялардын бири. 14-март, 2018-жыл.

АКШнын көптөгөн шаарларында жүз миңдеген окуучу курал-жарак сатууну жана аны алып жүрүүнү катуу көзөмөлдөө талабы менен 24-мартта демонстрацияга чыкты.

Вашингтондогу акцияга эле 300 миңден ашык киши келди. Акция "Өз өмүрүбүз үчүн жүрүш" деп аталган ураандын алдында өттү.

Жапырт жүрүшкө Флорида штатынын Паркленд шаарындагы орто мектепте он жети окуучунун өлтүрүлүшү себеп болду.

Быйыл 14-февралда мурда бул мектепте билим алган 19 жаштагы адам имаратка кирип келип, туш келди ок аткан. Кылмышкер качып кетип, кийинчерээк Паркленддин четинде полиция тарабынан кармалган. Анын жарым автомат курал колдонгону аныкталган.

XS
SM
MD
LG