Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Токмоктун мэри бекитилди


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Борбордук шайлоо комиссиясы 17-мартта болуп өткөн мэр шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорду бекитти. Ага ылайык, Токмок шаарына Данияр Амангелдиев мэр болуп расмий бекитилди. Эми ага тиешелүү күбөлүктү Токмок аймактык шайлоо комиссиясы тапшырат.

Токмок калаасынын башчылыгына үч талапкер катышкан. Алардын бири, Финансы министрлигинин кызматкери Данияр Амангелдиев Токмок шаар кеңешиндеги 18 депутаттын добушун алган.

Буга чейинки мэр Жыргалбек Шамыралиев ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматынан кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG