Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Соцфонд баштаган мекеме жетекчиликтерин жоопко тартуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу коррупцияга каршы зарыл чаралардын жоктугунан улам, Социалдык өнүктүрүү, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтеринин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын жетекчилерин жоопко тартууну өкмөткө сунуш кылды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Соцфонддун жетекчилиги бул органдардын ишин ойдогудай координациялап, аларды коррупцияга каршы чара көрүшүнө багыт бере алган эмес. Ушундан улам өкмөткө Соцфонддун жетекчилигинин да жоопкерчилигин карап көрүү тууралуу сунуш киргизилди.

Маалыматка ылайык, 12-мартта жүргүзүлгөн акыркы байкоонун натыйжасында мерчемделген антикоррупциялык иш-чаралар 48% гана аткарылган.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү эми буга Башкы прокуратура көңүл бурууга тийиш экенин маалымдады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG