Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Өзбекстанда укук коргоочу абакка шарттуу кесилди


Укук коргоочу активист Мусажан Бобожонов.
Укук коргоочу активист Мусажан Бобожонов.

Өзбекстанда укук коргоочу активист Мусажан Бобожонов экстремизмге байланыштуу айыпталып, үч жылга шарттуу кесилди. Бүгүн Фергананын Кува райондук соту активист коомдук коопсуздукка жана тартипке коркунуч жараткан материалдарды даярдаган, сактаган, тараткан, жарыялаган деп тапты.

Бобожонов “Эзгулик” укук коргоо тобунун Анжиян шаарындагы бөлүмүн жетектейт. Ал сот чечимине каршы арызданаарын билдирди.

5-февралда тергөөчүлөр анын компьютеринен диний экстремизм менен фундаментализмдин элементтерин камтыган материалдар табылганын билдиришкен. Андин кийин укук коргоочунун иши сотко өткөн.

Активист эч качан диний экстремизмди жайылтпаганын айтып, тагылган айыпты четке какты.

Бобожонов Ташкенттеги Чыгыш таануу университетин аяктап, Каир университетинен билим алган.

26-февралда прокурорлор 51 жаштагы активистти төрт жыл эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG