Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Алмамбет Шыкмаматовдун соту болот


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши бүгүн Бишкек шаардык сотунда каралат. Депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, сот ишти иликтөөнү улантууда. Сотко Шыкмаматов өзү келери күтүлүп жатат.

Март айынын башында Алмамбет Шыкмаматов инфаркт коркунучуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, соттук териштирүүгө катышкан эмес. 13-мартка жылдырылган соттук териштирүү 27-мартка калтырылган.

Депутат былтыр жыл этегинде да жүрөк оорусунан улам бейтапканада дарыланып чыкканы кабарланган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айыпталууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан. Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын ала сүйлөшүп, өз аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деп айтылат. Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбегенин, иш саясий негизде козголгонун айтып, шаардык сотко даттанган.

Эл өкүлү менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге кылмыш иши козголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG