Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:05

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцайдын 26-марттагы жолугушуусунда тараптар транспорт, айыл чарба, энергетика, билим берүү, саламаттык сактоо, финансы ж.б. тармактар боюнча кызматташуу тууралуу пикир алмашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков АӨБгө өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруудагы жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен АӨБдүн 20 жылдык кызматташтыгынын жакшы тажрыйбасын белгиледи.

Чжан Вэньцай Азия өнүктүрүү банкы жакынкы алты жылга кызматташуу максатында кыргыз тарап менен өнөктөштүк келечегин талкуулашы керек экенин белгиледи. АӨБ Кыргызстанды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда бардык жагынан көмөктөшүүгө даярдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын жана анын алкагында аймактардын социалдык-экономикалык абалын, инфраструктураны, жолдорду, ирригацияны жакшыртуу жана элетти таза суу менен камсыз кылуу маселелерин чечүү милдети турганын эске салды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

АӨБдүн вице-президенти кечээ кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулаган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG