Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Жарандык коом сотту реформалоо талабына жооп күтүүдө


Жарандык коомдун 5-марттагы акциясы. Президенттик аппараттын алды.
Жарандык коомдун 5-марттагы акциясы. Президенттик аппараттын алды.

Жарандык активисттер 27-мартта президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, 5-мартта Жогорку соттун имаратынын алдында өткөн митингде коюлган талаптар боюнча жооп беришин суранышты.

Алар "президент коррупцияга каршы күрөштү баштаган соң, аягына чыгышы керек" деп белгилешкен. Кайрылуу ээлеринин бири, жарандык активист Адил Турдукуловдун "Азаттыкка" айтканы боюнча, кайрылууга 5-мартта нааразылык акциясына чыккан бардык адамдар кол коюшкан:

- Митингде коюлган талаптар унутулбайт. Биз "анда сот, укук коргоо органдарын тазалаш керек, мыйзамсыз каралган соттук иштерди кайра териштирип, карасын, мурда коррупциялык иштерге аралашкан соттор кайра шайланбасын" деген талаптарды койгонбуз. Бүгүнкү күнгө чейин алардын бири да аткарылган жок.

5-мартта жарандык коом өкүлдөрү сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууну токтотуу талабы менен Жогорку соттун жана президенттик аппараттын алдында митингге чыгышкан. Алар Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин жана башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетишин талап кылышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында күч органдарындагы коррупцияга каршы күрөштү сындап, жемкорлукту жоюу боюнча милдеттерди койгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG