Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директорун иштен алуу маселеси көтөрүлдү


Алмазбек Ногойбаев.
Алмазбек Ногойбаев.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаевди убактылуу кызматтан четтетүү боюнча өкмөткө сунуш берилет. Буга аталган ишканадагы мыйзам бузуулар жана Ногойбаевдин кызмат абалынан кыянат пайдаланганы тууралуу маалыматтар себеп болууда. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 29-мартта парламент жыйынында ушул маселени көтөрдү.

Эл өкүлү өткөн жумада да "Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келбегенин билдирген. Ногойбаев муну четке кагып, вагондор келгенин КТРК аркылуу айткан.

Депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жолунун" жетекчиси өзүн актоо үчүн жалган маалымат таратып жатканын белгилеп, телеканалда Казакстандан келаткан вагондор көрсөтүлгөнүн, муну далилдөө үчүн колунда тийиштүү документтер бар экенин кошумчалады.

- Коррупцияга каршы күрөшөм деген чын ниетиңер болсо, "Кыргыз темир жолундагы" бүт коррупцияга шектүү иштерди кагаз жүзүндө, факт менен берип жатам. Кечээ УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына да бердим. Тиешелүү комитет менен сүйлөшүп жатабыз. Иш аягына чыкканга чейин Ногойбаевди кызматтан алуу тууралуу өкмөткө сунуш беребиз, - деди президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылган Жанар Акаев.

Депутат Ногойбаевдин бала-чакасы да ишканага тиешелүү жерлерди өздөрү каалаганча пайдаланып жатканын, кызы конок үйүн куруп алганын да кошумчалады. Өткөн жумада "Кыргыз темир жолу" Өзбекстандын Кыргызстанга болгон 137 млн. сом карызын кечкенин сындаган эле.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев бул дооматтарды четке каккан. (SE)

Жанар Акаевдин парламентте айткан сөзүн бул жерден угуңуз:

Ногойбаевди убактылуу иштен алуу сунушталат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00

XS
SM
MD
LG