Алыскы Алайкуу аймагында калың кар жаап, эл кыйналып жатканы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдирүү түшө элек. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Авазбек Айтиев "Азаттыкка" билдирди.
Оштун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу аймагына калың кар жаап, элди түйшүккө салганын, жолдор жабылып, жарык өчкөнүн жергиликтүү тургун Бакыт Бердалиев "Азаттыкка" кабарлаган. Анын айтымында, 28-мартта жаай баштаган кардын калыңдыгы 35 см жеткен.
Жагдайды билиш үчүн райондун акимине байланышууга мүмкүн болгон жок.
Алайкуу өрөөнү - кар калың жааган аймактардын бири. Жаздын ортосунда да ал жакка кар көп түшөт. (SE)