Линктер

ишемби, 21-апрель, 2018 Бишкек убактысы 00:16

Кито шаарынын бийлиги чуулгандуу "Викиликс" сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын Интернети өчүрүлөөрүн билдирди. Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап жүргөн Ассанж социалдык тармактарда Каталониянын мурдагы президенти Карлес Пучдемондун Германияда кармалышын жана Батыштын орусиялык дипломаттарды чыгарышын сындаган. Эквадордун президенти Ленин Морено Ассанжды "хакер" деп атап, саясаттан оолак турууга кеңеш берген.

"Викиликс" буга чейин 2016-жылы АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтонго каршы компромат жарыялаганда Ассанж ушундай эле жазаланган.

2012-жылы баш калка берип жатып, Эквадор ага башка мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерге көлөкө түшүргөн материалдарды чыгарбай турган шарт койгон. Жакынкы күндөрдө ал өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү британ расмий адамдары менен жолугушуп, Ассанжга байланышкан маселени талкуулашмакчы.

Британиянын бийлиги күрөөгө бошотуу шарттарын бузгандыгы үчүн аны кармоого ордер чыгарган. Ассанж ошондой эле Мамлекеттик департаменттин купуя документтерин ачыкка чыгаргандыгы үчүн АКШда камалышы мүмкүн. Былтыр декабрда Эквадор ага жарандык берген, бирок Лондон анын дипломатиялык статусун таануудан баш тартып келатат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG