Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 02:32

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамды парламент колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору 29-мартта Жогорку Кеңеште экинчи жана үчүнчү окуудан өтүп, кабыл алынды.

Буга чейин мыйзам долбоорун айрым депутаттар сынга алган. Долбоорго "балдарга жөлөкпул алууда бюрократиялык тепкичтер көбөйөт" деген жүйө коюлган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул мыйзам долбоорунда муктаждыкка карап, "аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гана жөлөкпул берилсин" деген өзгөртүү киргизилгенин, жаңы мыйзам майып балдарга берилчү жөлөкпулду көбөйтүү маселесин да камтыганын билдирип жатат.

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын былтыр Карамат Орозова, Аида Касымалиева баштаган депутаттар тобу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен чогуу иштеп чыккан. Аны 2017-жылы жай айында парламент кабыл алып, президент кол койгон.

Документ быйыл 1-январда күчүнө кирүүгө тийиш болчу. Бирок өкмөттүн "документте оңдоого муктаж жана кошумча изилдей турган жоболор бар" деген өтүнүчү менен Жогорку Кеңеш анын ишке кирүү мөөнөтүн 1-апрелге чейин узарткан.

Мыйзам долбоорун былтыркы президенттик шайлоо алдында кабыл алынган "популисттик кадам" катары баалагандар да бар.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG