Кыргызстанда 2017-жылы террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарга айыпталып 191 киши соттолду. Бул тууралуу БУУнун маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Бишкектеги кеңсесинен билдиришти.
Бул өткөн жылдын он айында гана соттолгондор. 2017-жылдын ноябрь жана декабрь айында камалгандар бул тизмеге кирген эмес.
191 соттолуучунун дээрлик 90% эки берене менен тең бирдей айыпталган. Камалгандардын 19% жалданмачылык боюнча да кине тагылган.
Булардын 89у беш жылдан он жылга чейин, 33ү 20 жылга чейин кесилген. Дагы ону 20 жылдан жогору, 14ү өмүр бою эркинен ажыратылган. Калгандарынын тергөөсү уланууда. (ErN)